Turmush — Баткенде интернет аркылуу алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул туралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен шаарынын 40 жаштагы тургуну У.С. (аял киши) 2026-жылдын 18-январында милицияга арыз менен кайрылган. Ал «Одноклассники» тиркемеси аркылуу белгисиз жаран менен таанышканын, ал өзүн Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, Кадастр ишканасында иштеген М.К. катары көрсөтүп, «арзан баада жер алып берем» деп 302 миң 370 сом акчасын алдын ала котортуп алганын айткан. Бирок акча алгандан кийин ар кандай шылтоолор менен алдап жүрүп, акырында социалдык тармак аркылуу байланышты үзүп, аны кара тизмеге киргизип, изин жашырып кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынан өзүн М.К. деп тааныштырган жаран кармалды. Ал Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну И.Ш. экени жана буга чейин бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылганы аныкталды. Кармалган жаран тиешелүү документтери менен Баткен ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, убактылуучу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.