Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 18.09.2019 19:51

Унаасын жылдырып жаткан ата 3 жаштагы баласын тебелеп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында унаасын бир жерден экинчи жерге жылдырып жаткан ата байкабай өз баласын тебелеп кетти. Бул тууралуу өздүк булактар билдирип, маалыматты Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасынан тастыкташты.

Кечээ, 17-сентябрь күнү кечки саат 20:30 чамасында ооруканага эс-учун жоготкон 3,5 жаштагы бала оор абалда түшкөн. Дарыгерлер баланы жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырышып, бардык медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Бирок бала бүгүн, 18-сентябрда саат 12:00гө жакын өзүнө келбей ооруканада каза болгон. Анын баш мээси, төш тарабы, өпкөсү, сол сан сөөгү жана денесинин бир нече жери жабыркаган.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, окуя 17-сентябрь күнү саат 19:40 чамасында Ош шаарынын Калинин көчөсүндө болгон. 1990-жылы туулган И.У. үйүнүн короосундагы «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын түздөп коюу үчүн артка айдаганда байкабай унаасынын арткы оң дөңгөлөгү менен 3,5 жаштагы уулунун сол жамбашын тебелеп кеткен.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө баланын жакындары И.У.га доосу жок экенин айтышып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзүп, протокол түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×