Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуНоокат району 17.08.2019 12:53 На русском

Эгин талаада бара жаткан унаа жарга кулап, бир жүргүнчү мерт кетти. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунда автоунаа жарга кулап кетип, 56 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, кечээ, 16-августта саат 17:00 чамасында Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Жар-Коргон айылынын түштүк тарабындагы эгин талаада Ноокат районунун 1990-жылы туулган тургуну А.у.Б. «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, жолдун чыгыш тарабындагы жарга түшүп кеткен. Анын кесепетинен унаанын жүргүнчүсү — Ноокат районунун 1963-жылы туулган тургуну Ж.Б. окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×