Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуНоокат району 25.07.2019 17:35 На русском

Ноокаттагы кырсыктан жүргүнчү каза болуп, 5 жаш бала ооруканага түштү

Turmush -  Ноокат районунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза болду. Жаракат алган 5 жаш бала ооруканага жаткырылган. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Бүгүн, 25-июль күнү эртең мененки саат 8:00 чамасында Кеңеш айылында, тактап айтканда Ош—Исфана унаа жолунун 18-чакырымында Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган тургуну П.У. өзүнүн «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатканда жолдун жээгинде орнотулган бетон тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен унаада бара жаткан 1985-жылы туулган П.Д. оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми башка жүргүнчүлөр (Кара-Суу районунун тургундары): 2005-жылы туулган А.К., 2011-жылы туулган А.С., 2015-жылы туулган А.А., 2018-жылы туулган А.Ф. жана 2004-жылы туулган П.М. Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилди.

Учурда аталган факт боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×