Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуНоокат району 24.06.2019 15:38

Ноокатта татар элинин Сабантуй майрамы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда татар элинин Сабантуй майрамы белгиленди. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Майрам 21-июнь күнү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү «Сахаба» эс алуу багында белгиленди. Ага райондун аймагында жашаган татар улутундагы бардык жарандар катышты. Иш-чараны райондук мамадминистрация, райондук маданият үйү жана Ноокат шаардык мэриясы биргелешип уюштурган.

Салтанаттын алкагында Ноокат шаарынын аялдар кенешинин төрайымы Калыскан Тагаевага жана Татарстандын Казань шаарынан келген атайын делегацияга мэр Жоомарт Нурдинов атайын белектерди тапшырды. Ошондой эле маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Иш-чара райондогу этностор жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, достук жана ынтымакты бекемдөө, өз ара кызматташтыкты күчөтүү максатында өткөрүлдү.

Сабантуй — татар менен башкыр элинин жазгы талаа иштери бүткөндөн кийин белгилеген майрамы. Ал июнь айынын соңку жекшембисинде майрамдалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×