Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 12.06.2019 19:29

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2,2 млн сомдук техника тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө Айыл чарба министрлиги тарабынан 2 млн 200 миң сомго бааланган экскаватор-бульдозер тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

«Беларус 82» үлгүсүндөгү экскаватор-бульдозер Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассоциациясына Суу чарба жана мелиорация департаментинин алдындагы «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында берилген. Аталган техниканын жарым баасы айыл өкмөт тарабынан 7 жылдын ичинде төлөнүп берилиш керек, ал эми жарым баасы кайтарымсыз болуп саналат.

«Аталган техниканын жардамы менен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү ички арык, каналдар тазаланат жана айдоо жерлери өз убагында сугат суу менен камсыздалат.», - дейт айыл өкмөт башчы.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×