Turmush — Санжарбек Бакыев ӨКМдин Баткен облусундагы көчмө механизациялаштырган отрядынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал 1987-жылдын 7-октябрында Ош шаарында туулган. 2003-2007-жылдары Айыл чарба техникумунда окуп, инженер-электрик адистигине ээ болгон.
Алгачкы эмгек жолун 2007-жылы Ош ПВЭСте электр ширетүүчү болуп иштөөдөн баштаган. 2010-жылы «Монтажник» ЖАКта башкы электрик, 2013-жылдан тарта директордун орун басары болуп эмгектенип келген.