Turmush — Талыш кызы Гүнел Алиева ата-энелердин каршылыгына карабай кыргыз жигити баш кошуп, бактылуу үй-бүлө курушту. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 1994-жылы Азербайжандын Сумгаит шаарында төрөлгөн.
«Үй-бүлөм баары азербайжандыктар. Андан кийин 1,5 жашымда Украинанын Одесса шаарына кетип, ошол жактан чоңоюп, педагогикалык билим алгам. Мурунку никеден 3 балам бар. Салт боюнча 2014-жылы ата-энем мажбурлап турмушка чыгып, ошонун айынан Азербайжанда 1,5 жыл жашадым.
Учурда таластык кыргыз жигитке турмушка чыктым. Экөөбүз 2024-жылы сентябрда баш коштук. Учурда Татарстандын Казань шаарында жашайбыз. 2016-жылы туугандарымдын өзүмө жана балдарыма болгон орой мамилесинен кутулуу үчүн келип, жарандык алдым. Чет өлкөлөрдүн ичинен Украинада, Азербайжанда жана Россияда болдум. Бирок көптөр сыяктуу мен дагы саякаттоону кыялданам. Быйыл Кыргызстанга келүүнү пландап жатабыз.
Үйдө үй коджойке, апа жана тарбиячымын. Мен кээде эпоксиддүү чайырдан ыңгайлаштырылган сүрөттөрдү жаратам жана жашоом жана үй-бүлөм тууралуу жеке блогду иштетүү менен алекмин. Январь айында Казан шаарынан 1 бөлмөлүү батир сатып алдык», - деди ал.
Каарманыбыз алардын эли менен кыргыздардын менталитети окшош экенин айтты.
«Учурда жашаган жерибиз Кыргызстан менен салыштырмалуу менталитет окшош, эли абдан чынчыл. Мага Кыргызстандын тоолору жана элиңиздердин орусча сүйлөгөнү абдан жагат. Адамдар менен баарлашуу оңой. Иилекке каршы калганы мага түшүнүксүз, бара элекмин. Бирок Кыргызстандын кооз жерлери, өзгөчө Ысык-Көл жөнүндө көп уктум.
Биз мусулманбыз. Бирок мен славян өлкөсүндө чоңойгондуктан бардык улуттарга, диндерге жакшы мамиле кылам. Менин тегим ирандык, анткени менин ата-бабаларым талыштар», - деди ал.
Гүнед айым кыргыз жолдошунун эмнесине баа берерин айтып берди.
«Анын мага болгон сый мамилеси, үй-бүлөнү кандай баалап, мени жана балдарды бактылуу кылууга аракет кылганы мага абдан жагат. Анын туугандарынын мени көрүп кубанганы да мага абдан жагат. Бирок мен андан 4 жаш улуу экенимди кабыл алуу баарына эле кыйын болду окшойт. Баш кошконубуз менен дароо эле оор сыноолордон өтө баштадык. Бирок кудайга шүгүр, сынган жокпуз.
Жакынкы келечекте каражаты жок балалуу аялдар үчүн кайрымдуулук фондун ачууну кыялданып жүрөм. Жолдошумдун жакындары менен эркин баарлашуу үчүн анын эне тилин үйрөнүүнү да пландап жатам. Учурда орус, украин, азербайжан, түрк, англис, талыш тилдеринде сүйлөйм», - деди ал.
Жубайлар орозо айында социалдык тармак аркылуу таанышып, сүйлөшүп, кийин жолугушкан.
«Орозо айында ал мага инстаграм аркылуу кат жазып, андан соң Екатеринбургдан Казанга келип, мени менен жолугуп, 1 жумадан кийин үйлөнүүнү сунуштады. Кийинки келгенде нике кыйып, баш коштук. Ошондон бери Казанда жашайбыз. Биздин ата-энебиз никебизге каршы болушкан. Анткени меники Азербайжанга кайтып келүүнү каалап каршы болушкан. Ал эми жолдошумдун ата-энеси анын бир аз кечирээк үйлөнүшүн, мындай бир турмуш өткөргөн аялга эмес, жаш кызга үйлөнүшүн каалашкан. Бирок биз бактылуу үй-бүлөө түптөй алдык.
Эсимде алгач жолдошумдун үй-бүлөсү үчүн мен адаттан тыш көрүнгөм. Жада калса «Келинибиздин көзү бетинин жарымын жаап турат. Уктап жатканын же мени карап жатканын так айта албайм» деп күлдүрүшкөн. Баары эле мен үчүн чындап сүйүнгөн жок. Бирок жолдошум мен ага башкалардан маанилүү экенимди, анын тандоосун сыйлашса, анда аны сыйлашат деп айтты. Бул мен үчүн абдан маанилүү болду. Мен дагы анын үй-бүлөсүнө чын жүрөктөн мамиле кылгым келет.
Ал боорукер, колдоочу үй-бүлөдө чоңоюп, бардык нерседе эркиндикке ээ болсо, мен абдан катаал, көзөмөлчү үй-бүлөдө чоңойгом. Бирок экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Чогуу чоңойгондойбуз. Экөөбүз бири-бирибиздин када-салттарыбызды, тамак-аштарыбызды үйрөнүп жатабыз. Мисалы ал азербайжандык долманы жасады, мен бешбармак жасадым. Экөө тең эң сонун болду», - деди ал.