Turmush — Каракол шаарындагы мектептердин биринде 1-класста окуган кыз түшкү тамакта берилген пончикти үйүнө алып келген.
Апасы аны видеого тартып, социалдык тармакка жарыялагандан кийин ата-энелер мектептердеги тамак-аштын сапатын текшерүүнү талап кыла башташты.
Видеодо кызы пончикти өзү жебей, апасына ооз тийгизүү үчүн үйгө алып келгенин айткан. Көрсө, пончиктин ичи чала бышкан болуп чыккан. Буга нааразы болгон ата-эне мындай сапаттагы тамакты кичинекей балдарга берүүгө болбой турганын билдирген.
Бул боюнча Ак-Суу райондук, Каракол шаардык билим берүү бөлүмү маалымат түшкөнүн билдирип, маселе көзөмөлгө алынганын, аталган окуядан кийин атайын жумушчу топ түзүлүп, мониторинг жүргүзүлүп жатканын кабарлады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram