Turmush — Ош шаарында архитектура кызматкерлерине байланыштуу кылмыш иши боюнча алгачкы соттук отурум 2026-жылдын 13-апрелине дайындалды.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 25-февралда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, алар үй камагына чыгарылган. Бул чечим УКМК кызматкерлеринин демилгеси менен кабыл алынганы белгиленди.
2026-жылдын 9-февралында УКМК Ош шаарынын архитектура кызматкерлери мыйзам бузуулар үчүн кармалганын билдирген.
Маалыматка караганда, долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо долбоорлоочу уюмдар жана курулуш компаниялары курула турган объектилер боюнча, тагыраагы жашоочуларды унаа токтотуучу жайлар менен камсыз кылуу боюнча туура эмес маалыматтарды атайлап киргизип, анын негизинде Ош шаарынын архитектура кызматкерлери турак жай комплекстерин куруу долбоорлорун бекитишкен.
«Курулуш компаниялары коммерциялык имараттарды куруп, алар жетиштүү унаа токтотуучу жайларды уюштурууга милдеттүү болушкан. Бирок Ош шаарынын архитектура кызматкерлери курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен алдын ала келишим түзүп алышкан. Натыйжада Ош шаарынын аймагында мыйзам бузуу байкалууда, бул объекттерди куруу мөөнөттөрүн создуктурууга, үлүшчүлөрдүн нааразычылыгына, тыгындардын пайда болушуна алып келет.
Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы.К. жана Ош шаарынын архитектура боюнча адиси Т.З.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылган расмий маалыматта.