Turmush — Мирзат Мамбетова Нарын облусунун билим берүүнүн методикалык борбору мекемесинин директору болуп дайындалды.
Маалым болгондой, ал буга чейин 2025-жылдын апрель айында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган болчу.
Мирзат Мамбетова 1979-жылы 6-июлда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
- 2006-2011-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуган.
Эмгек жолу:
- 2006-2019-жылдары Ж.Өмүралиев мектебинде тарых мугалими;
- 2019-2022-жылдары Б.Кыязов орто мектебинин директору;
- 2022-жылдан баштап М.Иманалиев орто мектебинин директору болуп эмгектенип келген.
Ошондой эле, Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеӊешинин депутаты, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеӊешинин депутаты, Аялдар конгрессинин мүчөсү, Нарын жазуучулар союзунун мүчөсү. 2 китептин жана бир нече усулдук колдонмолордун автору жана кошумча окутуу жана көндүмдөрү боюнча тренер болуп эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын апасы, 2 неберенин таенеси.