Turmush — Сокулук районуна караштуу Кожомкул айыл аймагындагы ВОССТ-2 конушунун тургундары аким Илияз Ташкулов менен жолугуп, көп жылдап бүтпөй келе жаткан жер маселесин талкуулашты.
Маалым болгондой, аким келген элге маалымат берди.
«Жер тилкеге берилип кеткен жер жалпысынан 198 гектар экен. Анын 36 гектары жолго деп пландалган. Калганы 163 гектар калып жатат. Ошону эсептеп тактап бердим.
Бул жерде айрымдар 2-3 кишиге сатып жиберген окуялар болгон. Такталган жерлерди, тактап айтканда ушул жерден 338 жер тилкеге документ берип жатабыз.
Калган жерлер ашыкча, туура эмес сатылган жерлер. Бул жерде азыр комиссиядагы, акимчилик дагы эч нерсе кыла албайт. Эч ким ал ашыкча жер үчүн документ жасап бере албайт да. Ашыкча сатылган жерлердин айынан азыр документ аларда, бир топ киши кур калары ачуу чындык болуп жатат. Антсе да, баарына калыс чечип берүү үчүн болушунча аракетибизди көрүп келе жатабыз», - деди аким.