Turmush — Барчынбек Жантороев Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кечээ, 26-мартта жаңы жетекчини район активине президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнн аппарат башчысы Манас Базылбеков тааныштырды.
Буга чейин район акиминин биринчи орун басары катары Асылбек Юлдашев эмгектенип келген. Ал өз арызы менен кызматын тапшырган.
Жантороев Барчынбек Азатбекович 1975-жылы 23-ноябрда Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Ак-Мечит айылында туулган.
Билими:
- 1992-1994-жылдары — Жалал-Абад кооперативдик техникуму, соодадагы коммерция-лык ишти уюштуруу адистиги;
- 1995-2000-жылдары — Жалал-Абад коммерциялык институту, эсеп-финансы адистиги;
- 210-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясы, мамлекеттик башкаруу адистиги, магистр даражасы.
Эмгек жолу:
| Айы/жылы | Айы/жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) |
| 01.02.1995-ж. | 04.12.1996-ж. | Инспектор | Сузак райондук мамлекеттик салык инспекциясы |
| 01.07.1997-ж. | 05.05.1999-ж. | Бухгалтер | Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо башкармалыгы |
| 06.05.1999-ж. | 10.10.2001-ж. | Башкы бухгалтер | «Дени сак үй-бүлө» консультациялык борбору |
| 11.10.2001-ж. | 03.05.2002-ж. | 1-категорядагы адис | Жалал-Абад облустук финансы башкармалыгы |
| 03.05.2002-ж. | 08.12.2004-ж. | Жетектөөчү адис | Жалал-Абад облустук финансы башкармалыгы |
| 08.12.2004-ж. | 12.04.2006-ж. | Башкы адис | Жалал-Абад облустук финансы башкармалыгы |
| 12.04.2006-ж. | 07.04.2008-ж. | Бөлүм башчысы | Жалал-Абад облустук финансы башкармалыгы |
| 08.04.2008-ж. | 22.04.2008-ж. | Башкы адис | Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы |
| 22.04.2008-ж. | 14.09.2010-ж. | Бөлүм башчысынын орун басары | Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы |
| 14.09.2010-ж. | 03.10.2012-ж. | Бөлүм башчысы | Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы |
| 03.10.2012-ж. | 09.10.2013-ж | Башкы адис | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |
| 09.10.2013-ж | 09.02.2015-ж. | Сектор башчысы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |
| 09.02.2015-ж. | 23.01.2019-ж | Аппарат жетекчиси | Жалал-Абад шаарынын мэриясы |
| 23.01.2019-ж | 12.01.2023-ж | Башкы адис | Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |
| 12.01.2023-ж | 24.05.2024-ж. | Сектор башчысы | Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |
| 24.05.2024-ж. тартып | Азыркы мезгилде | Жетектөөчү адис | Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |