Turmush — Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары жана көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүн көк бөрү боюнча мелдештердин 3-4-орун үчүн оюну өтүүдө.
Оюнда Өзгөн районунун «Өзгөн ынтымагы» жана «Жаңы муун» командалары беттешүүдө. Биринчи бөлүмдүн башында эле «Өзгөн ынтымагынын» оюнчусу жараат алды. Улакчы сүрмө топ менен чаап бара жатып, тай казанды сүзүп алды. Аны тез жардам кызматы алып кетти.
Ошондой эле экинчи таймдын башында «Жаш муундун» оюнчусу да жаракат алды. Улакчы сүрмө топ менен ат чаап бара жатып, оюн талаасында жыгылып, өзүнүн аты басып калды. Ага алгачкы жардам көрсөтүлдү.