Turmush — Милициянын полковниги Токтогулов Мухтарбек Абдирашитович Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка ИИМ тарабынан кол коюлду.
Жаңы жетекчини өздүк курамга Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов тааныштырды.
Буга чейин Сузак РИИБди Календаров Зураб Кубанычбекович жетектеп келген. Ал бул кызматка 2024-жылдын май айында дайындалган.
Мухтарбек Токтогулов 1981-жылы 24-февралда туулган. Ички иштер органдарында 1998-жылдан бери кызмат өтөйт.
Эмгек жолу:
- 1998–2003-жылдары — Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын курсанты (ыкчам издөө ишмердүүлүгү адистиги боюнча);
- 2003–2004-жылдары — Ош облусунун Өзгөн райондук ИИБинде участкалык инспектор;
- 2004–2005-жылдары — Өзгөн РИИБде ыкчам кызматкер;
- 2005–2007-жылдары — Өзгөн РИИБде улук ыкчам кызматкер;
- 2007–2008-жылдары — Өзгөн РИИБдин Жазы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы;
- 2008–2009-жылдары — КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында (оор кылмыштар боюнча башкармалык) ыкчам кызматкер;
- 2009–2011-жылдары — Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинде (оор кылмыштар боюнча) улук ыкчам кызматкер;
- 2011–2014-жылдары — КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалында улук ыкчам кызматкер;
- 2014–2016-жылдары — КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында (оор кылмыштар башкармалыгы) ыкчам кызматкер;
- 2016–2018-жылдары — Ысык-Көл облусунун Түп РИИБинде ыкчам иштер боюнча жетекчинини биринчи орун басары;
- 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын октябрына чейин — Ысык-Көл ОИИБдин Криминалдык милиция кызматында (кылмыш иликтөө бөлүмү) башчы;
- 2020-жылдын мартынан декабрына чейин — КР ИИМинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында улук ыкчам кызматкер;
- 2020–2021-жылдары — ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кызматында башкармалыктын башчысынын орун басары;
- 2021–2023-жылдары — Бишкек ШИИББдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы;
- 2024-жылдын апрелинен 2025-жылдын июлуна чейин — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында төртүнчү башкармалыгынын 2-бөлүмүндө улук ыкчам кызматкер;
- 2025-жылдын июлунан азыркы учурга чейин — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында бешинчи башкармалыгында ыкчам кызматкер.
---------------------------------------------------------
Сузак району Кыргызстандагы калкы эң көп райондордун бири болуп саналат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Сузак районундагы калктын саны — 287 641 адам (2024-жылга карата 324 722 адамды түзгөн).
Кыргызстандагы калк эң жыш жайгашкан райондор (2025-жылга карата):
- Ош облусунун Кара-Суу району — 398 515 адам;
- Ош облусунун Ноокат району — 331 830 адам;
- Ош облусунун Өзгөн району — 300 719 адам;
- Жалал-Абад облусунун Сузак району — 287 641 адам;
- Чүй облусунун Сокулук району — 227 169 адам.