Turmush — Ат-Башы районунда сибирь жарасынын 8 очогу бар. Бул тууралуу райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Төрөгелди Тынымсеитов билдирди.
Маалыматка караганда, учурда оорунун жайылышын алдын алуу максатында дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп жатат. Сибирь жарасына каршы эмдөө иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.
«Райондо сибир жарасынын 8 очогу бар. Оорунун жайылып кетпеши үчүн тиешелүү ветеринардык чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», - деди ал.
Ат-Башы району аймагындагы сибирь жарасынын очоктору:
1-очок:
• Жайгашкан жери: Ат-Башы айыл өкмөтү, Ат-Башы айылынын ичинде
• Катталган күнү: 26-август 1975-жыл.
2-очок:
• Жайгашкан жери: Баш-Кайынды айыл өкмөтү, Талды-Суу айылы, Чекенди-Талаа участогу.
• Катталган күнү: 28-декабрь 1977-жыл.
3-очок:
• Жайгашкан жери: Ат-Башы айыл өкмөтү, Ат-Башы айылынын ичинде
• Катталган күнү: 2-апрель 1986-жыл.
4-очок:
• Жайгашкан жери: Баш-Кайынды айыл өкмөтү, Талды-Суу айылы, Сары-Тал участогу.
• Катталган күнү: 9-август 2015-жыл.
5-очок:
• Жайгашкан жери: Казыбек айыл өкмөтү, Казыбек айылынын ичинде
• Катталган күнү: 30-август 2017-жыл.
6-очок:
• Жайгашкан жери: Коенду-Колот жайлоосу.
• Катталган күнү: 11-сентябрь 2020-жыл.
7-очок:
• Жайгашкан жери: Ат-Башы айыл өкмөтү, Ача-Кайыңды айылы, Таш-Арык участогу.
• Катталган күнү: 24-октябрь 2024-жыл.
8-очок:
• Жайгашкан жери: Ат-Башы айыл өкмөтү, Ача-Кайыңды айылы, Таш-Арык участогу.
• Катталган күнү: 24-октябрь 2024-жыл.
---------------------------------------
Сибирь кулгунасы, сибирь жарасы (күйдүргү) — жаныбарлар менен адамдын жугуштуу оорусу. Инфекциянын булагы көбүнчө үй жаныбарлары — бодо мал, кой, эчки, төө, чочко, жапайы жаныбарлар. Ооруган жаныбар оору козгогучту заара, заң жана шилекей аркылуу жуктурат. Адам сибирь жарасын ылаң малды бакканда, сойгондо, анын этин тамак-ашка пайдаланганда, топурак жана суу аркылуу жуктуруп алат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулушу керек.
Сибирь кулгунасы көбүнчө териден, азыраак ичеги жана өпкөдөн кармайт. Териден кармаган формасында оору козгогуч айрылган тери, ошондой эле курт-кумурска чаккан жер аркылуу ириң, анда кызыл так пайда болот да, ыйлаакчага, ириндеп жарага айланат. Дене ысып, баш ооруйт, шайы кетет. Ичегиден жана өпкөдөн кармаганда адам 2-4 күн ичинде каза болот. Киши ооруп калса ооруканага жаткырылып, ал жашаган үй дезинфекцияланат.