Turmush — 2024-жылы Нарын шаарында төрөлгөн 3 эм кыздын ата-энеси убадаланган батир боюнча өлкө башчысына кайрылуу жасашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, Нарын шаарынын тургундары, 26 жаштагы Эрбол Карагулов менен жубайы Алтынай Майрамбекова президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылуу жасашты. Түгөйлөр 2024-жылдын 25-октябрында жарык дүйнөгө келген Ажар, Саадат, Анара деген 3 эм кыздардын ата-энеси. Кыздары төрөлгөн учурда мамлекет тарабынан Нарын шаарында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдөн 3 бөлмөлүү батирдин сертификаты берилген. Бирок сертификат колго тийгени менен турак жайга ээлик кылуу боюнча расмий токтом азыркыга чейин чыга элек.
«3 эмди тарбиялап жаткан жаш үй-бүлө катары биз үчүн турак жай маселеси өтө курч турат. Учурда өзүбүздүн үйүбүз жок, батирди айына 25 миң сомго ижарага алып жашайбыз. 3 ымыркай менен батирден батирге көчүп жүрүү оңой эмес. Ошондуктан сизден Нарын шаарындагы 3 бөлмөлүү батирге расмий түрдө токтом чыгарып берүүгө жардам беришиңизди суранабыз», - деп айтылат кайрылууда.
Бул маселе боюнча Нарын шаардык мэриясы сертификат берилгенден кийин жарандар өздөрү президенттин администрациясына расмий арыз менен кайрылышы керектигин билдиришти.
Turmush басылмасы 2024-жылдын 25-октябрында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 3 эм кыз төрөлгөнүн жазган. 3 эмдин апасы Алтынай Майрамбековага Нарын шаарынын мэриясынан 30 миң сомдун сертификаты тапшырылган.
Андан кийин 2024-жылы 4-ноябрда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында төрөлгөн 3 эмден кабар алганы белгилүү болгон. Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырган.
Ал буга катар эле тийиштүү тараптарга наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй-бүлөдөн кабар алып турууну тапшырган.