Turmush — Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин Программалоо жана маалыматтык инновациялар предметтик- циклдик бирикмеси тарабынан студенттер жана окутуучулар үчүн түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери катышып, гепатит В, С жана ВИЧ ооруларынын алдын алуу боюнча маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө дарыгерлер аталган оорулардын таралуу себептери, катталган учурлары, кооптуулугу, эмдөө мүмкүнчүлүктөрү жана алдын алуу жолдору тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле ден соолукту сактоо, өз убагында текшерүүдөн өтүү жана жугуштуу оорулардан коргонуу боюнча пайдалуу кеңештер айтылды.
Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги да катышып, студенттердин саламаттыгын коргоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча мындай маалыматтык жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилешти.