Turmush — Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Кеңеш айылынын 26 жаштагы тургуну Даниэл Куттубек уулу асыл тукум аттарды багып, арык аттарды семиртип, азоо жылкыларды үйрөтүп, улакка түшпөгөн аттарды көк бөрүгө (улакка) даярдап сатып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Атка болгон кызыгуум бала кезден башталган. Атам жакшы аттарды кармап, улак чаап, жылкы менен иш кылчу. Бул ата-бабадан калган мурас катары биздин үйдө уланып келген өнөр десем болот.
Бала кезде атам мени улакка алып барып, мүнөзү жоош бээнин үстүнө мингизип койчу. Минип ойноп жүрүп, кээде ошол аттын үстүндө эле уктап калган күндөрүм болгон», — деди ал.
Даниэлдин айтымында, анын эң биринчи аты Грейдер болгон.
«Өзүбүздөн чыккан, өтө жакшы ат болчу. Кулун кезинен өзүм үйрөтүп чоңойтком. Улакка абдан жакшы эле. Мен өзүм улак тарта албагандыктан, ал аттын мүмкүнчүлүгүн бекер кетирбейин деп сатып жибердим. Ордуна башкасын алып, багып-үйрөтүп кайра сатып… Мындан улам кызыгып, ушул иш менен олуттуу алектенип калдым», — деди ал.
Учурда Даниэл мырзанын 8 асыл тукум аты бар. Алардын жарымы кыргыз жылкысы, калганы Россия жана Европа жылкылары. Баары улакка чабылуучу аттар экенин кошумчалады.
«Ат багууда эң биринчи режимге көңүл бурам. Күн сайын эртең менен беде жейт. Курсагы тойгондон кийин сыртка чыгарып, оонатып, ары-бери ойнотуп коёбуз. Суу ичет. Анан кашып-тазалап, жүгөнүн асып коёбуз. Андан кийин минилет. 1–2 сааттан кийин кайра тоюттандырып, суусун берип, жемин берип, бедесин салып коёбуз», – деди ал.
Даниэл азоо жылкыны үйрөтүүдө эң негизгиси — атка жакын болуу жана ишеним жаратуу экенин айтты.
«Алгач мүмкүн болушунча жакын болуп, көбүрөөк кашып-тазалаш керек. Атка ошол жагат. Анан жүгөн салып, ээр токуп, белин тартып коёбуз. 1 жума — 10 күндөн кийин үстүнө акырын эле чыгып-түшүп көндүрөбүз. Ордунан жылдырбай эле чыгууга-түшүүгө көнгөндөн кийин, бир атты жетелетип минип жүрөбүз 2–3 күн. Андан кийин жалгыз минип, оңго-солго бурулганды, жүгүрүп токтогонду үйрөтөбүз», — деди ал.
Аттын баасы эмнеге жараша болору айтылды.
«Аттардын баасы сындуулугуна, мүнөзүнө жана кылган ишине карап бааланат. Бизде канча сындуу, чоң болсо да, улакка кирбесе бааланбай калат. Бирок ат чоң улакта өзүн көрсөтүп берсе, өтө чоң акчага сатылат. Тилекке каршы, бардык ат эле жарай бербейт.
Эң жакшы бааланганы — коркпогон, үстүндөгү адам үчүн жанын бергенче кызмат кылган аттар. Эң кымбат саткан атым 60 миң долларга кеткен. Көбүнчө 3–5 миң доллардын тегерегиндеги аттарды сатып алып, үйрөтүп кайра сатам», — деди ал.
Анын айтымында, аттар менен иштешкенде кызыктуу окуя көп болот.
«2 жыл мурда болгон бир окуя эсимде. Аттарды интернет аркылуу сатам. Бир атты сурап чалышты. Экөөнүн номуру окшош болуп, болгону эки саны эле башка экен. Мен экөөнү бир эле адам деп ойлоп, сооданы экөөнө тең бүтүрүп коюптурмун. Эртеси күнү экөө тең келип калса болобу. Нары тартып, бери тартып отуруп, анан алыстан келди деп, Лейлектен келгендерге берип койгонбуз», — деди ал.
Каарманыбыз келечекке койгон ой-максаттары менен бөлүштү.
«Бош убактым деле болбойт. Аттан тажабайм. Кечке ат минип, карап жүрөм. “Тиги жакта мындай ат бар экен, бул жакта тигиндей ат бар экен” дешсе, дароо барып көрүп келем.
Келечекте максатым — жылкы заводун ачуу. Ар кайсы породадагы аттарды, бээлерди алып, бириктирип, улакка даярдап чыгарсам деп жүрөм. Буюрса, ошонун үстүндө иштеп жатабыз», – деп сөзүн жыйынтыктады Даниэл Куттубек уулу.