Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургуну Махабат Акималиева унутта калып бара жаткан кыргыз кол өнөрчүлүгү менен 22 жылдан бери алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Акималиева Махабат Турарбековна 1981-жылдын 28-март күнү Баетов айылында туулган. Ал Эсенгул Карасартов атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Ак-Тал айылына келин болуп келген. Жолдошу Алыбек Макеев Аскар Турдакунов атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенет. Экөөнүн баш кошуп, бирге түтүн булатып жашап келе жатканына 25 жыл болду. Бул аралыкта жубайлар 5 баланын ата-энеси болушкан.
Махабат айым унутта калып бара жаткан кыргыз кол өнөрчүлүгүн ага чоң энеси жана чоң кайын энеси үйрөткөнүн айтты.
«Өзүмдүн чоң энем иштүү, уз адам эле. Ошондой эле чоң кайненем менен кайненем экөө тең уз адамдар болгон экен. Өзүм деле кол өнөрчүлүккө бала кезимден эле кызыкчумун. Идирегим да бар окшойт, бат эле колго алып кеттим. Жээк, шоона ийрийм. Кийиз жасап, шырдак жөрмөйм, шырыйм. Мындан тышкары, таар согом. Таардан куржун, баштыктарды тигем. Курак курайм. Өрмөк согом», — деди ал.
Ал өзгөчө кыргыздын унутта калып бара жаткан нукура жабдыктары менен таар согуу өнөрү тууралуу айтып берди.
«Уяң койдун жүнүн ийрип, боёкко салып, жипти даярдап алам. Андан соң ата-бабабыздан калган кыргыздын улуттук жабдыктары — адыргы, кылыч жана учмара (деп коёт) — ушулардын жардамы менен таар согом. Таардын узундугу 20 метрге чейин, туурасы 20–30 сантиметрге чейин болот. Согулган таардан куржун, чүкө баштык, ат жабдууларын жасап чыгам. Бир таардан 6–7 куржун чыгат. Куржун — ичине ар кандай буюмдарды салып алып, атка артып жүрүүгө ыңгайлуу, бышык баштык. Таардын жибин кышында ийрип чыгып, жай келгенде таар согом. Анткени таар согуу үчүн кенен жер керек. Адыргы — таар согууда астыңкы жана үстүңкү жиптерди ажыратып туруу кызматын аткарат. Кылыч — таар түз согулушу үчүн ургулап туруучу жабдык. Учмара — курулган жипти которуштуруп туруучу жабдык. Таар согууда эң биринчи математикадан жакшы түшүнүү зарыл. Бул, башкача айтканда, математикалык иш. Айтмакчы, таар соккон бул жабдык кайын энемден калган», - деди Махабат айым.
Каарманыбыз кыргыздын унутта калып бара жаткан улуттук кол өнөрчүлүгү жоголуп кетпесин деген ниетте, түйшүгүнө карабай жасап жүргөнүн айтты.
«Кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү жоголуп кетпесин деген максатта түйшүгүнө карабай жасап жүрөм. Жайдын ысыгы, кээде жаан-чачын, шамал — баарына туруштук берип бүтүрөм. Анын үстүнө үй иштери, тамак-аш жасоо деген бар. Аял кишинин үйдөгү иштери түгөнбөйт эмеспи. Ошого карабай убакыт таап жасап келем. Ал эми шырдак жасоонун өзүнчө түйшүгү бар. Аны көп эле аялзаты жасай алат, түйшүгүн жакшы билишет. Бир шырдакты бир жылда жасап бүтөм. Буга чейин 10 шырдак жасап саттым. Таар буюмдарын, курактарды, шырдактарды — дегеле кол эмгегимди үйгө жасайм, курбуларыма жасап берем, белекке берем. Мындан тышкары, буйрутма бергендерге жасап сатам. Өзгөчө тоого, жайлоого чыккан уйчулар, малчылар көп алышат», - деди Махабат Акималиева.
Махабат айым анын шырдагы Швейцарияга чейин сатылганын да айтты.
«Ак-Талаа районунун ичиндеги кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөргө, жыл сайын өтүүчү Соң-Көлдөгү фестивалга катышып жүрөм. Бирок бир да жолу байгелүү орунга илинбей калдым. Эмне болсо да, менин максатым байге утуп же сатып акча табуу эмес. Негизгиси — унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү көрсөтүү, сактап калуу. Жыл сайын барам. Бирок ал жактан таар, өрмөк согуу өнөрчүлүгүн аркалагандарды азырынча көрө элекмин.
Менден шырдак сатып алган эженин кызы швейцариялык жигитке турмушка чыгыптыр. Бир күнү алар энесинин үйүнө келишип, шырдакты көрүп калышат. Менде ошол шырдактын түгөйү бар болчу. Жактырып калышып, мага келип сатып алып кетишкен. “Бул натуральный шерсть” деп мактап кетишкен. Кичинекей кызы бар экен, кызыбыз үстүнө отурат деп алышты. Ал шырдакты башкача кылып жасагам: кара кийиз менен боз кийизди оюштуруп, ак жээк менен жөрмөп, шырып чыккам. Эч кандай боёк колдонгон эмесмин», - деди ал.