Turmush — Быйыл, 2024-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында көп жылдар бою маселе жаратып келген кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып барылат. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган жаратылыш паркынын жетекчиси Кылычбек Мурзаматов билдирди.
Анын айтымында, маселелерди чечүү үчүн долбоор даярдалды.
«Долбоор боюнча көйгөй жараткан ажаткана маселеси, 2-3 даана заманбап боз үй орнотуу, таштанды ташуучу автоунаа алуу, парктын күзөтканасын жаңылоо, келген туристтерге, эс алуучуларга атайын эс алып отуруучу жайларды уюштуруу, автоунааларды токтотуучу жайды даярдоо, биодаараткана жана таштанды таштоочу челектерди коюу, парктын кызматкерлерине керектүү каражаттар — дүрбү, камера жана башка аппараттарды алуу маселелери чечилет», - дейт жетекчи.
«Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркы 1992-жылдын 18-мартында экологиялык, эстетикалык, эбегейсиз зор мааниси бар, баалуу арча токойлорунун кайталангыс кооз табигый комплексин сактоо максатында түзүлгөн.
Жаратылыш парктын көчөтканалары уюуштурулуп, жыл сайын 50 миң даана көчөт өстүрүлүп, токой тилкелерин, дарыянын жээктерин бекемдөө, жер кыртыштарына эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуу иш-чаралары аткарылат. Ошондой эле 2023-жылы «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында парктын аймагына 1026 даана ийне, жазы жалбырактуу көчөт отургузулду. 2,0 га аянттка экме токой аянты уюуштурулуп, айланасы зым менен тосулуп, көчөттөрдүн 80% пайызы көктөгөн.
Парктын күзөтканасына келген туристтерден жана эс алуучулардан Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттин агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү менен макулдашылып, бекитилген баа боюнча акы алынат.
- Кыргыз Республикасынын 1 жаранына 30 сом;
- чет мамлекеттен келген 1 туристке 140 сом;
- жеңил автоунаага 100 сом;
- 7-8 орундуу автоунааларга 200 сомдон алынат.
Акы алынып, күзөтканада салык инспекциясына катталган чек берүүчү аппараттан чек чыгарылып берилет. Күзөтканага көзөмөл камерасы да коюлган. Парктын аймагында дайыма жашаган жашоочулар, согуштун катышуучулары, жашы жетелек балдардан акы алынбайт.
«Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркынын киреше бөлүгү 2022-жылга 1 млн 864 миң 769 миң сом болсо, 2023-жылга карата 2 млн 571 миң 250 сомду түзгөн.
2022-жылдагы көрсөткүч:
- рекреация бөлүмүнөн 297 миң 236 сом;
- күзөтканадан 1 млн 497 миң 300 сом;
- жайыттан 21 миң 605 сом;
- айдоо жерден 36 миң 114 сом;
- чөп орундудан 12 миң 541 сом.
Жалпы 1 млн 864 миң 796 сом болду түзгөн.
2023-жылдагы көрсөткүч:
- рекреация бөлүмүнөн 568 миң сом;
- күзөтканадан 1 млн 641 миң 960 сом;
- жайыттан 258 миң 200 сом;
- айдоо жерден 74 миң 490 сом;
- чөп орундудан 28 миң 600 сом.
Жалпы 2 млн 571 250 сом парктын атайын эсептик каражатына түшкөн.
2023-жылы парктын аймагына келген туристтерден, эс алуучулардан калган таштандыларды тазалоо үчүн Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин таштанды ташуучу автоунаасы менен 4 айга келишим түзүлүп, 60 000 сом акча каражаты бөлүндү. Таштандылар парктын аймагынан чыгарылып, Ноокат районуна караштуу 55 км алыстыкта жайгашкан атайын таштанды таштоочу жайга төгүлөт.
Рекреациялык бөлүмдө иш жүргүзүп жаткан ижарачылар атайын таштанды таштоо үчүн жер ажыратып, мал союуучу жай жана ажаткананы да парктын администрациясы көрсөтүп берген карта схемасы боюнча даярдашкан.
Илимий иштерди аткарууда бүгүнкү күндө «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркы боюнча жаратылыш хроникасы такталып, иш алып барылууда. Парктын аймагында жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын жана суурлардын жазгы, кышкы эсебин алуу иш-чаралары өз мөөнөтүндө жүргүзүлүп, жыл сайын салыштыруу мониторинги жүргүзүлөт.
Парктын аймагындагы жапайы жаныбарлардын түрлөрү:
- жаныбарлардын (сүт эмүүчүлөр) 16 түрү;
- канаттуулардын 97 түрү;
- курт-кумурскалардын 28 түрү;
- жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 6 түрү;
- балыктардын 1 түрү.
2021-жылы Германиянын табиятты коргоо (NABU) коомдук уюмунун жардамы менен жаратылыш паркынын аймагына видео байкоо аппараттары коюлуп, илбирс, жапайы теке, улар, суур, түлкү жашаганы аныкталган.
«Кыргыз-Ата» жаратылыш паркына эс алуу мезгилинде 1 күндө болжол менен 200-300 эс алуучу кирет.