Turmush — Ош облусундагы бир нече мектептин жылуулук системасы толугу менен жаңыланып, ишке берилди. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Дамир Калыкбердиев билдирди.
Жылуулук системасы жаңыланган мектептер:
- Кара-Кулжа районунун Тоготой айылындагы М.Байымбетов мектеби;
- Кара-Кулжа районунун А.Осмонов атындагы мектеп;
- Ош шаарындагы Курманжан датка мектеби толугу менен капиталдык оңдоодон өткөн. Анын ичинде жылуулук системасы да бар.
- Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылынын С.Жусуев орто мектеби;
- Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндөгү «Ай-Тамга» балдар бакчасы толугу менен оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди.
Ошондой эле кечээ, 10-ноябрда Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө 90 орундуу «Гердегей» бала бакчасы толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бала бакча 31 млн 491 миң сомго курулду.