Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 20.11.2014 12:18

Ноокат районунда республикалык сынакта жеңишке жеткен мектеп-интернатынын окуучуларынын көркөм сүрөт көргөзмөсү өттү (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Т. Садыков атындагы Ноокат райондук көркөм сүрөт мектеп интернатында бүгүн, 20-ноябрда республикалык сүрөт көргөзмөсүндө жеңип чыккан сүрөттөрдүн көргөзмөсү болуп өттү, деп билдирет мектеп интернатынын директору Иса Алимбеков.

Ага Ноокат райондук ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү, ЕККУ эл аралык уюму менен бирге райондогу мектептердин тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарларлар катышты.

Келген конокторго көркөм сүрөт мектеп интернатынын директору Иса Алимбеков сүрөттөрдүн жаралуу тарыхы менен анын маңызын түшүндүрүп берди.

«Ар бир сүрөттүн, ар бир жаралган иштин артында зор эмгек жана образ турат», - деди И.Алимбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×