Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 17.11.2014 16:48

Ноокатта ноябрь айынын ортосунда унга болгон баа 8,8%га арзандаган

Turmush -  Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн шаарларында октябрь айынын аягынан жана 14-ноябрга чейинки убакытта буудайга жана унга болгон баанын туруктуу эместиги байкалган. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы соода, жеке ишкердүүлүктү анализдөө жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө секторунун түштүк аймактар аралык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат шаарында буудайга жана унга болгон баанын төмөндөшү байкалды. Бул жакта ноябрь айынын ортосунда буудайга болгон баа 17 сомдон 15,5 сомго чейин же болбосо 8,8%га төмөндөгөн.

Ноокат шаарында биринчи сорттогу ундун баасы ноябрь айынын башында 28 сомдон 32 сомго чейин көтөрүлгөн, бирок акыркы убакта кайра 31 сомго чейин төмөндөгөн же болбосо 3,1%га арзандаган. Экинчи сорттогу унга болгон баа 25 сомдон 23 сомго чейин же болбосо 8,4%га арзандаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×