Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.11.2014 15:35

Ноокатта мамлекеттик тилге арналган иш-чара өттү (фото)

Turmush -  Ноокат районунун маданият үйүндө 15-ноябрда мамлекеттик тилге арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамадминистрациядан маалым болду.

Салтанаттуу жыйынга Ош облусундагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун директору Алмагүл Тилекманова, Ноокат райондук мамалекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сабырали Эгембердиев, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев, айыл өкмөттүн башчыларынын орун басарлары жана мекеме – ишканалардын иш кагаздарын жүрүтүүчү адистери, мектеп директорлору жана кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалимдери катышышты.

Маалым болгондой, жыйынды Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары С. Эгембердиев ачып, өз сөзүндө « кыргыз тилди тилчилер гана өнүктүрөт деген ойдон алыс болуу менен бирге, ар бирибиз өзүбүздөн баштап салым кошуубуз зарыл», - деп белгиледи.

Белгилей кетсек, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн үстүбүздөгү жылдын 23-июлундагы №425-б буйругуна ылайык Ноокат районунда 1-сентябрдан 1-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгын өткөрүү боюнча №165-б буйругу иштелип чыгып жарыяланган.

Б 1

Б 2

Б 3

Б 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×