Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 05.11.2014 16:50

Ноокат акими Б.Айтиев райондогу базарларда эттин баасы эмне себептен жогорулап жаткандыгын түшүндүрдү

Turmush -  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекболот Айтиев бүгүн, 5-ноябрда айыл өкмөт башчылары жана айыл башчылары менен болгон жыйында базарындагы эттин баасы эмне себептен жогорулап жаткандыгы тууралуу айтып өттү, деп билдирди райадминистрациянын басма сөз кызматы.

Өз сөзүндө аким райондун базарында арык малдар союлуп сатылып жаткандыгын, талаптагыдай эттер экспортко кымбат баада чыгып жаткандыгын айтып, сапаттуу талаптагыдай эттер сатылуусу үчүн эттин баасы көтөрүлдү, деди.

Мындан сырткары, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге эт базарларда ишеним телефондор илингенин кошумчалады.

Тема боюнча: Ноокат районунда эттин баасы 20 сомго кымбаттады

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×