Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 01.11.2014 13:39

Ноокаттагы Т. Кулатов айыл аймагынын ооруканасына күн батареялары алынат

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл аймагында жайгашкан оорукананын жылуулук түтүктөрүн оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Аны менен катар, жарыктын алтернативдүү түрү менен камсыздоо үчүн кубаттуу генератор сатылып алынмакчы.

Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаровго генератордун ордуна Кулатов айыл аймагындагы оорукана үчүн күн батареясын орнотуу тапшырмасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×