Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 31.10.2014 16:41

Ноокатта быйыл жалпы капиталдык салымдар 637,7 млн сомго өздөштүрүлүп, өсүү ыргагы 136,1%ды түздү

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда 2014-жылдын 9 айында жалпы капиталдык салымдар 637,7 млн сомго өздөштүрүлүп, былтыркы 2013-жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы 136,1%ды түздү. Бул тууралуу Ноокат райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, райондун экономикасынын негизин түзгөн киреше булактарын көбөйтүүдө быйылкы, 2014-жылдын 9 айында салык жана салык эмес жыйымдарга болгон жалпы тапшырма 261 млн 750,6 миң сом болсо, иш жүзүндө 262 млн 296,2 миң сомду түзүп, тапшырма 100,2 %га аткарылды.

Бул көрсөткүч 2013-жылдын 6 айына салыштырмалуу 14 млн 564,8 миң сомго көп болуп, өсүү ыргагы 105,9% ды түздү. Анын ичинен республикалык бюджетке 5076,0 миң сом аз жыйналып, 95,1%на аз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×