Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 24.10.2014 15:27

Ноокат районунун аймагында 19 айыл чарба кооперативдери бар

Turmush -  Ноокат районунун аймагында 19 айыл чарба кооперативдери өз иштерин аткарышууда. Тактап айтканда, талаачылык боюнча кайрак жерлерди максаттуу пайдалануу боюнча 4 айыл чарба кооперативдери, сугат жана кайрак жерлерди пайдалануу боюнча 6, картошка үрөнүнөндүрүүчүкооперативдери 4, кылкандуу дан эгиндерин өндүрүүчүкооперативдери 2, 2 сервистик тейлөөкооперативдери жана 1 «Ноокат агрохимия» агрохимиялык тейлөө боюнча айыл чарба кооперативи иштерин жүргүзүпкелүүдө.

Райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2013-жылы район боюнча Жаңы-Ноокат айылдык аймагындагы майда дыйкан чарбалар ирилештирүү (консолидация) жолу менен биригишип «Жаш» айыл чарба кооперативи, Т.Зулпуев атындагы айыл аймагында «Кызыл-Кашташ» айыл чарба кооперативи уюштурулуп, 2014-жылдын түшүмүүчүн суулуга жана кайрака будай үрөнүн себишип жыйнап жатышат.

Андан сырткары Төө-Бурчак дагы эгүүгө жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×