Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 24.10.2014 13:53

Кыргызстанда 2013-жылдын күз-кыш мезгилинде 9 млрд 50 млн кВт.саат электр энергиясы өндүрүлгөн

Turmush -  Өткөн 2013-жылдын күз-кыш мезгилинде жалпысынан 9 млрд 50 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Ноокат районунда мамлекеттик администрациясынын жыйынында КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы энергетика жана жылуулук комплекстерин жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, жалпы көлөмдөн 5 млн 874 кВт.с калк пайдаланган болсо, ал эми калган бөлүгүн айыл чаба жана бюджеттик мекемелер пайдаланат.

Ал белгилегендей, азыркы жаңы тарифтик саясатка караганда 700 кВтс га 70 тыйындан төлөнсө, ал эми андан ашкан керектөөгө импорттоого коюлган бааны төлөөгө туура келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×