Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 22.10.2014 17:12

Ноокатта кийинки жылдын түшүмү үчүн атайын адистештирилген үрөнчүлүк чарбалары буудай үрөндөрүн даярдоодо

Turmush -  Кийинки жылдын түшүмү үчүн Ноокат районунда атайын адистештирилген үрөнчүлүк чарбалары буудай үрөндөрүн даярдоодо. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Интенсивная» сортундагы 58 тонна үчүнчү муундагы, биринчи муундагы 35 тонна, «Даңк» сортундагы 40 тонна үчүнчү муундагы, «Уманка» сортундагы 13 тонна экинчи муундагы, «КВП - 210» сортундагы 25 тонна үчүнчү муундагы, Наз сортундагы10 тонна экинчи муундагы буудай үрөндөрү даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×