Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 25.09.2014 15:11

Ноокаттын Үч-Бай айылындагы ФАПтын кызматкерлери ар бир ийнени 100 сомго сайышат

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Үч-Бай айылындагы ФАПтын кызматкерлери ар бир ийне сайганы үчүн 100 сомдон алышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Үч-Бай орто мектебинде өткөн ата-энелер чогулушунда маалым болду.

Чогулуштун катышуучулары бул көрүнүштүн мыйзамдуулугуна кызыгышты.

Ошондой эле, ата-энелер балдар ооруп калса, андагы кызматкерлер үйгө келип карагандын ордуна ФАПка алып келүүлөрүн талап кылып, өз милдеттерине кайдыгер карагандыктарына нааразы.

Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мамажунусали Рысбаев өз кезегинде бул абалды текшерүүгө алаарын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×