Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 15.09.2014 12:25

Ноокат районунда көмүрдүн 1 тоннасы 8 миң сомго чейин кымбаттады

Turmush -  Ноокат районунда көмүрдүн баасы кымбаттай баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алардын билдирген маалыматына таяна турган болсо, буга чейин 1 тонна көмүрдүн баасы 4,5 миң сомдон 5 миң сомго чейин болгон болсо, азыркы күндө тоннасы 8 миң сомду чапчыды.

«Күздүн алгачкы эле айында көмүрдүн баасы ушундай өсүү менен барса, кышка чейин дагы кандай болот? Колунда бар адамдагра эч нерсе эмес, ал эми колунда жок үй-бүлөлөргө оор эле болот», - дешет тургундар.

Ал эми соодагерлер көмүрдүн баасы сапатына карап ар кандай баада болуп жаткандыгын, мисалы Кызы-Кыядан келген көмүрдүн тоннасы 6 миң сомду түзсө, ал эми Алайдын көмүрү 8 миң сом, Сүлүктүнүкү болсо 5 миң сомдон 7 миң сомго чейин болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×