Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 11.09.2014 17:48

Ноокатта билим берүү жана сабактардын сапатын жогорулатуу багытында жолугушуулар уюштурулат

Turmush -  Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев мектептердеги мугалимдер менен жолугушууларга чыгат, деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Осмонаалы Көчкөнбаев.

Анын маалыматына таянсак, мындай жолугушуулардын максаты - билим берүү бөлүмү менен билим берүү мекемелеринин тыгыз байланышта болуусуна өбөлгө түзүү жана сабактардын сапатын жогорулатуу багытында сунуш пикирлерди талдоо болуп эсептелет.

Маалымат үчүн айта турган болсок, район акими Бекболот Айтиев өткөн окуу жылынын апрель май айларында бир топ мектептердин окуучулары менен жолугушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×