Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 05.09.2014 15:41

Ноокатта тамекинин баасы көтөрүлбөй жатканына дыйкандар нааразы

Turmush -  Ноокат районунда тамеки алуучу бир эле фирма болуп, атаандаштык жок болгондуктан, баасын көтөрбөй жатканына дыйкандар нааразы, деп билдирди Ноокат райондук айыл чарба департаментинин жетекчиси Мухаммед Турдуев.

Дыйкандардын бири Матлюба Махмудова үй-бүлөсү менен Кызыл-Кыя шаарынын четинде ижарага жер алып, бир гектарга тамеки эккен. Учурда тамеки бышып, үзүмгө жетилип турган мезгили болгондуктан, таң заардан күн ысыганга чейин жалбыракты терип алууга шашат. Жаңы-Ноокатта жылда эле суугат суу тартыштыгы болуп турат.

Мындан улам алар көп жылдан бери башка аймакка тамеки эгип, тирилик кылып келатышат. «Бул иш өтө оор. Бирок кылбаганга аргабыз да жок. Анткени, тамекинин кирешеси менен балдарды багып жатабыз да», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×