Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 31.08.2014 15:21

Ноокатта Эгемендүүлүк күнүндө бир катар тургундар сыйланды (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Ноокат районунда кечээ, 30-августта колдонууга берилген борбордук аянтта бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.


Ноокат райадминистрациясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, ага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, райондун акими Бекболот Айтиев жана башка жетекчилер менен катар жергиликтүү тургундар катышты.


Салтанаттуу иш-чараны аким Б.Айтиев ачып, катышуучуларды куттуктоо менен бирге кызматындагы жетишкендиктери үчүн райондун бир катар тургундарына Ардак грамоталарын тапшырды.


Ал эми, А.Махамадов жергиликтүү тургундарды өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктап, майрамдык салтанат концерттик программа менен улантылды.

 

31 08 2014_ноокат 2

31 08 2014_ноокат 1

31 08 2014_ноокат 3


31 08 2014_ноокат 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×