Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 20.08.2014 14:38

Ноокаттын Кеӊеш айыл өкмөтүндө кайрак буудайды оруп-жыйноо 100%га аяктады

Turmush -  Ноокат районунун Кеӊеш айыл өкмөтүндө 14-августка карата кайрак буудайды оруп-жыйноо иши 100% толук бүткөрүлүп, жалпысынан 825 тонна кайрак буудай өндүрүлдү.

Маалыматка ылайык, быйыл 50 га жерге кайрак буудай, 300 га жерге суулуу буудай эгилген, ал эми арпа болсо 50 тонна өндүрүлүп, толугу менен жыйналды.

Суулуу будайдын 100 гектары орулуп, 33%ы жыйналды. Гектарына 35 центнер туура келген суулуу буудайдан 350 тонна өндүрүлдү. Калган 200 га буудайды жыйноо улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×