Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 20.08.2014 13:17

Ноокат районуна 2015-жылы күздүк себүү үчүн 1632 тонна үрөн керектелет

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунун айыл чарба субъектилеринде 2015-жылдын түшүмү үчүн айдап себилүүчү 7159 га күздүк жер аянтка 1632 тонна үрөн керектелет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 1599 тонна үрөндүн жыйналары күтүлүүдө.

Ал эми үрөндү даярдоочу үрөнчүлүк чарбалар 300 тоннага чейин үрөн жыйнап алуусу күтүлүүдө. Ал эми калган үрөн айылдык аймактардагы майда дыйкан чарбалар жана ири дыйкан фермердик чарбалар тарабынан толукталууда.

Маалым болгондой, учурда үрөнчүлүк чарбаларында II муундагы «Наз» 25 тонна, III муундагы «КВП-210» 54тонна, II жана III муундагы «Инвенсивный» 104 тонна, «Есаул» 60 тонна, I муундагы «Уманка» 20 тонна, III муундагы «Даңк» 38 тонна үрөн даярдалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×