Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 11.08.2014 10:59

Ноокат районундагы оруканаларга 3 миңге чейин жаш өспүрүм балдар ичеги курт оорулары менен кайрылып, дарыланышкан

Turmush -  Ноокат районундагы оруканаларга жаш өспүрүмдөр арасынан 2 миңден 3 миңге чейин балдар ичеги курт оорулары менен кайрылып, дарыланышкан. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүндө өткөн аппараттык жыйында райондук санэпид көзөмөл борборунун башчысы Саткын Токталиева билдирди.

Анын айтымында, негизи 3 жашка чейинки балдарда ичеги курт оорулары болбошу керек.

«Азыр жаңы төрөлгөн 15 күндүк балдардын ичинен дагы курт чыгып жатат. Бул жаш энелердин тазалыкты сактабагандыгы, же санитардык тазалыкты сактабагандыгынан болууда. Мурда жаш энелерди окутуп турушкан, ал эми азыр андайлар жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×