Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 08.08.2014 14:36

Жаңы-Ноокат айыл аймагында ичеги жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча аппараттык жыйын өтөт

Turmush -  Ноокат райондук билим берүү бөлүмү 11- августта Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан мектептердин жана бала бакчалардын директорлору менен окуучулар арасында ичеги жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча аппараттык жыйын өткөрөт, деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Айнагүл Пасанбекова.

Анын билдиргенине караганда, аппараттык жыйынды өткөрүүнү раймамадминистрациясынын башчысынын орун басары С.Эгембердиевдин көрсөтмөсүн ишке ашыруу максатында өткөрүлмөкчү.

Райондук санэпид көзөмөл башкармалыгынын билдиргенине караганда, Жаңы-Ноокат айыл аймагы М.Эргешов, Амир Темур жана Токтогул санаториялык мектеп интернатынан текшерилген окуучулардын 33%нда мите курттар бар экендиги аныкталган.

Тема боюнча: Ушул жылдын 6 айында Жаңы-Ноокат айылында жугуштуу оорулардан 3 бала набыт болду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×