Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 07.08.2014 16:24

Ноокат району боюнча 21 кичи өнөр жай цехтери ишке киргизилип, 22 млн 545 миң сомдук инвестиция тартылды

Turmush -  Ноокат району боюнча 2014-жылдын 6 айында 21 кичи өнөр жай ишканалары ишке киргизилип, жалпысы 22 млн 545 миң сомдук инвестиция тартылды, деп билдирет райондук мамлекеттик администрация басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Айтиевдин демилгеси менен 2014-жыл райондо «Эл аралык уюмдар менен кызматташуу жана ички ресурстарды пайдаланууну күчөтүү» жылы деп жарыяланган.

Мына ушуга байланыштуу ишкердүүлүктү колдоо, жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү максатында райондо 2014-жылдын 6 айында 21 кичи өнөр жай ишканалары ишке киргизилип, жалпысы 22 млн 545 миң сомдук инвестиция тартылды.

Анын ичинен тышкы инвестиция 1 млн 435 миң сомду түзүп, район боюнча 110 жаңы жумуш орун түзүлдү. Алардын катарына: Гулистан айыл аймагында 2 пескоблок чыгаруучу цех, Ноокат шаарында жана Гулистан айыл аймагында 2 профнастил чыгаруу цехи, Бел айыл аймагында пескоблок чыгаруу цехи, Т. Зулпуев айыл аймагында даарат кагаздарын чыгаруу цехи ишке киргизилип, жакынкы күндөрдө Жаны-Ноокат айыл аймагында 2 кирпич цехи, 1 мал союуучу цех, Гулистан айыл аймагында 1 таш майдалоочу цех, 1 песко блок чыгаруучу цех, Найман айыл аймагында ЖБИ цехи, Т.Зулпуев атындагы айыл аймагында 1 кирпич чыгаруучу цехтери ишке киргизилмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×