Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 06.08.2014 18:22

Н.Атаназаров Ноокат райондук сотунун судьясынын кызмат ордун ээлөөнү улантты

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-августта кол койгон жарлыкка ылайык, Ноокат райондук сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдиновичтин ыйгарым укуктары 2014-жылдын 7-августунан тартып КР Конституциясына ылайык узартылды.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Нурланбек Атаназаров ошондой эле Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын кызмат ордун ээлөөнү 2014-жылдын 7-августунан баштап улантты.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×