Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 06.08.2014 17:59

Ноокатта буудайдын өсүүсү начар болгондуктан түшүмдүүлүк 3-5 центнерге төмөн болууда

Turmush -  Ноокат районунун аймагында 2014-жылдын түшүмү үчүн айдап себилген айыл чарба эгиндерин оруп жыюунун жүрүшү боюнча бир топ иштер аткарылып жатат, деп билдирет райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу буудайдын боюнун өсүүсү начар болгондуктан түшүмдүүлүк 3-5 центнерге төмөн болууда.

Район боюнча 46 комбайн иштөөдө. Кошумча Араван районунан 11 комбайн келген. Азыркы убакта орулуп жыйылган буудай 5 миң 517 га, алынган түшүмдүүлүк 13,3 центнерди түзүп, жалпы дүң түшүм 7343,4 тонна.

Кылкандуу дан орулуп жыйылган 6017 га, түшүмдүүлүк 13,1 центнер, жалпы дүң түшүм 7904,5.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×