Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 05.08.2014 11:02

Ноокат районунда Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгынын алкагында тегерек стол болуп өттү

Turmush -  Ноокат районундагы «Медигос» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгынын алкагында «Эмчек эмизүү мыкты өмүр башаты» деген темада тегерек стол болуп өттү, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Тегерек столго шаар мэриясынын, санэпид көзөмөл борборунун, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык маселелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы, райондук жаштар кеңешинин төрагасы Курсан Ташбалта уулу, шаар тургундары, медайымдар катышты.

Тегерек столдо аталган жумалык боюнча маалымат берүү менен бирге, эмчек эмизүүнүн оң натыйжалары боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Эмчек эмизүү балдардын ден соолугунун чың болуусуна зор өбөлгө болоору, баланы 6 айга чейин бала жалаң гана эмчек сүтү менен гана азыктануусу зарыл, деп билдирди аталган борбордун педиатору К.Таңатарова.

Анын айтымында, эч качан эмчек эмизүүнү социалдык абалга шылтоолоп токтотуп койбоо керек. «Анткени адам өмүрү баарынан кымбат», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×