Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 28.07.2014 10:16

Ноокат районунун 9 айыл өкмөттөрүнүн башчылары кичи бизнести өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Урумчи шаарына жөнөп кетишти

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунун 9 айыл өкмөтүнүн башчысы Кытай элдик Республикасынын Урумчи шаарына кичи бизнести өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Ноокат райойндук мамлекеттик адмиристрациясынын кызматкери Жумагүл Марипова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматына ылайык, аталган топту Ноокат райондук администрациясынын экономика бөлүмүнүн башчысы Токтомат Чоңмурунов жетектеп, алар Урумчи шаарынын бизнес жана айыл чарба өндүрүштөрүн өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашуу максатында 4 күндүк иш-сапары менен болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×