Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 24.07.2014 12:40

Ноокат райондук электр тармактары ишканасы 6 айда өткөн жылга караганда 12 млн 591,3 кВт-саат электр энергиясын көп алган

Turmush -  Ноокат райондук электр тармактары ишканасы 2014-жылдын 6 айында 123 154 миң кВт саат (2013-ж-110 563,3 миң КВт саат) электр энергиясын алып, өткөн жылга караганда 12 млн 591,3 кВт-саат электр энергиясын көп алган. Бул тууралуу Ноокат РЭС башкармалыгынын башчысы Ысман Алимбеков билдирди.

Анын ичинен пайдалуу керектелгени 99 802,0 кВт-саат болуп, 77,2% түзгөн. Жалпы жоготуу 23 102,0 кВт-саат болуп 18,8 %га барабар болуп, өткөн жылга салыштырганда 0,4% га азайган.

Ы.Алимбековдун айтымында, техникалык жоготуу 23 017.4 кВт-саат болуп, өткөн жылга салыштырганда 1861,0 миң кВт-саатка азайган. Ал эми, коммерциялык жоготуу 84,6 миң кВт-сатка жетип, 3494 кВт-саатка азайган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×