Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 24.07.2014 12:34

Ноокат райондук жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 6 айда 153 млн 456,7 миң сомго аткарылган

Turmush -  Ноокат райондук каржы бөлүмү тарабынан берилген маалыматтар боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү трансфертторду кошкондо 2014-жылдын 6 айында 123 млн 74,6 миң сом пландаштырылган болсо, иш жүзүндө 153 млн 456,7 мин сомго аткарып, тапшырма 124,7 %га аткарылган. Бул тууралуу маалымат кечээ, 23-июлда өткөн коллегиялык кеңешмеде белгилүү болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй жалпы жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн Ынтымак айыл өкмөтүнөн башка бардык айыл өкмөттөр аткарууга жетише алышкан.

Ал эми Ынтымак айыл өкмөтү тапшырмада белгиленген киреше салыгынан 36,1 миң сомго, сатуудан түшкөн салыктан 28,5 миң сом, жер салыгынан 61,0 миң кем өндүрүп, планда белгиленген 2 млн 512.4 миң сомдун ордуна 2 млн 333,6 миң сом чогултуп, өсүү темпи 92,9 % ды түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×