Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 24.07.2014 11:39

Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 6 айлык жыйынтыгы чыгарылды

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылына карата Ош облусунун Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы 6 ай ичинде Ноокат районунда өндүрүлгөн өнөр-жай, айыл чарба продукциялары, капиталдык салымдарды өздөштүрүүдө, салык жана салык эмес төлөмдөрдүн жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноо 2013-жылдын 6 айына салыштырмалуу бир топко өскөн.

Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Мамадаалы Дүйшеев билдиргендей, Чекене сооданын көлөмү товар жүгүртүүнүн бардык булактары аркылуу 1631,9 (былтыр 1546,2) млн сомго жетип, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 105,5 %ды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 6 айында жалпы капиталдык салымдар 231,6 млн сомго (былтыр 169,7 млн сом) өздөштүрүлүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 136,5%ды түздү.

Ошондой эле, Исанов айыл өкмөтүндөгү Береке соода түйүнүнүн, Ноокат шаарында 3 кабаттуу соода түйүнүнүн курулуштары бүткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×