Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 23.07.2014 17:38

Оштогу өспүрүм балдардын олимпиадалык спорт мектебинин окуучулары Ноокатта машыгуу даярдыгында жүрөт

Turmush -  Ош облустук өспүрүм балдардын олимпиадалык спорт мектебинин окуучулары Ноокат районунда машыгуу даярдыгында жүрөт. Бул туурасында аталган мектептин бокс бөлүмү боюнча машыктыруучусу Валентин Данилин билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, машыгуу үчүн 50 спортчу 12 күнгө жөнөтүлдү. Анда спорттун бокс, күрөш жана штанг көтөрүү боюнча машыккан спортчулар кетти.

«Иш-чаранын алкагында спортчулар үчүн физикалык жаткан оор көнүгүүлөр, машыгуулар болот. Бул алар үчүн өтө зарыл, анткени спортчулардын күчкө толуусуна шарт түзүлөт», - дейт В.Данилин.

Маалым болгондой, спортчулар үчүн сентябрь айында мелдештер башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×