Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 26.06.2014 10:21

Ноокатта өнөр жай продукцияларын өндүрүү 5 айда 34,9 млн сомду түзүп, план 102%га аткарылды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 2014-жылдын 5 айына карата 34 млн 93 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, 2013-жылдын 5 айына салыштырганда 2 млн 640 миң сомдук продукция көп өндүргөн, же болбосо өсүү темпи 102%ды түздү. Бул туурасында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын экономика секторунун башчы Токтомат Чоңмурунов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч негизги ишканалар тарабынан жана калктын өнөр жай ишмердиги менен иштеген ишкерлер аркылуу өндүрүлүүчү өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн эсебинен чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×